• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги 4 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кечээ, 6-февралда төлөмдөрдү өз убагында жүргүзбөгөн Бишкектеги 4000 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашты. Карыздардын суммасы 12,7 млн. сом.

«7-февралга алынган маалыматтарга караганда, 4000 абоненттин 3199 электр энергиясына болгон карыздарын төлөштү. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүү керек», - деп билдиришти ишканадан.

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдү учур чак режиминде кабыл алууда. «Quickpay», «QIWI», «АсИсНур», «Terempay», «KIСB» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий