• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат 3 кабаттан туруп, жалпы аянты 4 миң 137 чарчы метрди түзөт. Имарат футбол, волейбол, баскетбол, воркаут үчүн спорт аянтчасы менен долбоорлонгон.

"Учурда төрт блокто котлован, пайдубалдын негизин, фундаменттин алдындагы бетон тумбасын, тышкы сантехника жана канализация тармактарын орнотуу, тирөөч дубалды, котлованды кайра толтуруу, тышкы электр тармактарын төшөө үчүн траншеяны иштеп чыгуу, газ от казаны үчүн ленталык фундаментти, рамаларды орнотуу иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, учурда сырткы газ менен жабдуу, рамаларды орнотуу, ошондой эле көрктөндүрүү боюнча жер иштери башталды.

Курулуш иштерин «СК Лидер Хаус» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий