• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги № 5 гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 82%га аяктады

Коом 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана даярдыгы 82%ды түзѳт. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, электромонтаж, суу менен жабдуу, канализация иштери аяктоодо. Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер башталды.

Эскерте кетсек, мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында Сауд Өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынан башталган. Анын сметалык баасы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, фонд тарабынан 648 018 АКШ доллары каржыланган. Долбоор боюнча окуу корпусу, галерея, ашкана, спорттук зал, актовый зал, ошондой эле жабдылган химия, физика, информатика класстары курулууда.

Кошумча корпустун курулушун бүткөрүү жаңы окуу жылына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий