• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги 500дөн ашуун абоненттин газы үч күнгө өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бишкектин бир катар аймактарында үч күнгө убактылуу жаратылыш газы өчөт, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ага ылайык, 8-11-октябрь күндөрү Бишкектин Васильев, Манас, Көкчө-Тоо, Түлөбердиев жана Махатма Ганди көчөлөрү менен чектешкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлөт.

Көгүлтүр оттун өчүрүлүшү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. 516 абонентте жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

"Гаспром Кыргызстан" ЖЧКсы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий