• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги №67 мектепте жардыруучу зат бар экени айтылып, окуучулар эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Бишкектеги №67 мектеп-гимназиясында жардыруучу зат бар экени тууралуу маалымат №62 мектептин электрондук дарегине келген.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, №62 мектептин администрациясы дароо милицияга кайрылган.

“Милиция кызматкерлери жерине барышкан. Мектептеги бардык адамдар эвакуацияланып, текшерүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармакка №67 мектепте өрт чыкканы тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий