• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги Абай көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Бишкектеги Абай көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Абай көчөсүнүн Медеров менен Горький көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде оңдоо иштери жүрүүдө. Ал жерде асфальт алынып, кайра жаңысы төшөлмөк.

Көчө 25-мартта жабылган. Мурда белгиленгендей, оңдоо иштери 15-майга чейин жыйынтыкталмак.

Ошондой эле мындай иштер Нуркамал, Токтогул, Алтымышев, Репин жана Жайыл Баатыр көчөлөрүндө да жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий