• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги абанын булганышы 2-3 жылдан бери байкалууда – Маматаиров

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарындагы абанын булганышы 2-3 жылдан бери байкалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин экологиялык саясат жана стратегия башкармалыгынын башкы адиси Бекболот Маматаиров билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилинин келиши менен кара түтүн көйгөйү жаралат.

“Абанын булганышына өнөр жай тармагы, жеке турак үйдөгү жылытуу системасы жана унаадан чыккан түтүн себеп болууда. Көмүрдүн сапаты начар болгондуктан көп жагылып, аз ысытып жатат. Ошондой эле унаанын кескин түрдө көбөйүшү абанын булганышына алып келүүдө”, - дейт ал.

Маматаиров белгилегендей, 184 мекеме 50 миң тоннадан ашык зыян калдыктарды чыгарат. Анын ичинен Бишкек шаарында 2 миң тонна зыяндуу калдык чыгарылууда.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Болот Кадырбековдун айтуусунда, Бишкек, Аламүдүн, Сокулук райондорунда экологиялык абалды жакшыртуу максатында 40 бөлүмдөн турган иш-чара бекитилген.

"Иш-чаралар пандемияга, саясий абалга жараша толук ишке ашырылбай жатат. Ал эми 2020-жылдын 9-июлунда өкмөтүн токтому чыккан. Ага ылайык, "Кумтөр" ишканасы тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча 1,4 млрд сом которулган. Чүй облусундагы шаарлардын жана Бишкек шаарынын мэрияларына ушул багытта долбоор жазуу боюнча кайрылып жатабыз", - деди Кадырбеков.

Пикир

Оставить комментарий