• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги абанын булганышы боюнча маселе чечилет – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарындагы жана анын аймагындагы абанын булганышы боюнча маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилет, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында.

Президент борбор калаанын экологиясына терс таасирин тийгизген факторлор боюнча маселе өкмөт менен өкмөттүк органдардын күн тартибинде турганын айтты.

“Премьер-министр ар бир мекемеге Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча тапшырма берди. Бул алдыда чечиле турчу маселе. Аталган багыт боюнча катуу чаралар көрүлүп, алдыдагы келечекте иш-чаралар аткарылышы керек”, - деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал бул маселе көзөмөлдө болуп, тиешелүү органдар жооп бере тургандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий