• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Айни көчөсүндө балдар үчүн спорттук-оюн аянты ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.06.22 /Кабар/. Бишкек шаарындагы Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдар үчүн спорттук-оюн аянтчасы ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Келген коноктор балдарды жана жашоочуларды заманбап жана көп тармактуу оюн аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, аларды жаңы аянтка аяр мамиле кылууга чакырды.

Салтанаттуу ачылышка Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов жана Ленин райондук акими Русланбек Тагаев катышты.

Пикир

Оставить комментарий