• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги Айтматов проспектиси иретке келтирилет

Коом 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Бишкектин муниципалдык кызматтары Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы жеке менчик объектилердин тосмолорун алат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэрдин орун басары Мурат Осмонов жеринде текшерүү жүргүзүп, Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге "ACT BUILDING" курулуш компаниясы менен бир жуманын ичинде курулуш объектисинин тосмосун демонтаждоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берди.

Вице-мэр ошондой эле эки жумада проспектинин жээгинде жайгашкан жеке турак жайлардын тосмолорун иретке келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасына Ч.Айтматов проспектиси менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги контейнерлерди көчүрүп, бошогон аянтчаны көрктөндүрүү тапшырылды.

"Бишкекбашкыархитектура" мекемесине жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине бир жума ичинде Ч.Айтматов проспектиси менен Ы.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер тилкесин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.

Тапшырмалар сапатсыз жана өз убагында аткарылбаган учурда тиешелүү жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий