• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте акы алган автоунаа токтотуучу жайлар пайда болду

Коом 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Бишкектин айрым көчөлөрүндө акы алган автоунаа токтотуучу жайлар пайда болду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кызматкерлер "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" деген жазуусу бар саргыч түстөгү атайын чыптамаларды кийип жүрүшөт. Алар бейджик тагынып, төлөнгөндүгү тууралуу талондорду беришет. Бирдиктүү тариф — 25 сом.

Ведомстводон белгилешкендей, акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасы ишке киргизилгенге чейин убактылуу зоналарды ишке берүүнү чечти. Акы төлөнүүчү муниципалдык жайларды жол белгилери аркылуу билүүгө болот.

Алар тогуз көчөдө пайда болуп, көпчүлүгү базар менен соода борборлорунун аймагында жайгашкан.

  • Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиевадан Ала-Арча дарыясына чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киевге чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш гвардия проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайский туюк көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки ("Комфорт" соода борбору) бөлүгү;
  • Безымянный көчөсүнүн Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (Орто-Сай базары);
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросовго чейинки бөлүгү.

Белгилей кетсек, быйыл акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасын ишке киргизүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий