• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында башкы балаты орнотулду, учурда кооздолуп жатат

Коом 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өлкөнүн башкы балатысы орнотулду, учурда аны кооздоо жана майрамга даярдык жүрүүдө.

Борбордук муниципалитеттин маалыматына караганда, жаңы жылга борбордук аянтты “Кышкы жомоктогудай” жасалгалашат – “Муз тактысы” инсталляциясы орнотулат.

Быйыл 2015-жылы Кытайдын элчилиги белек кылган балаты кайрадан орнотулат. Анын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр.

Жаңы жылдык балаты 350 оюнчук, узундугу 240 метр болгон жарык диоддук гирлянда жана 240 метрлик мишура менен кооздолот.

Мэриядан билдиришкендей, “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыккан борборду жасалгалоо концепциясы “Кышкы жомок” деп аталат. Аянттагы майрамдык композициянын борборунда “Кар ханышасы” жомогу боюнча “Муз тактысы” инсталляциясы орнотулат.

Инсталляциянын тегерегинде ар кандай түстөгү муздан жасалган жаныбарлар: ак илбирс, бугу, аркар жана бүркүт коюлат.

Бишкектин башкы сүрөтчүсү Марат Жороев Бишкектин гербинин элементтери жана 2019 санынын стилдештирилген түрү менен жаңы жылдык логотипти сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий