• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди — сүрөт

Маданият 0


Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Кыргызстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишкерлер катышты.

Майрамдоо салатанаты Кыргызстандын туусун көтөрүү менен башталып, аскер кызматкерлеринин парады менен жыйынтыкталды.

Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп, кыргызстандыктарды мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктап өттү.

Эскерте кетсек, 3-мартта Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий