• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында бала сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.22. /Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” аквапаркында бала сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тез жардам медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Егор Борисов билдирди.

Октябрь райондук милициясынын маалыматы боюнча, “102” кызматына саат 11:00дө “Ала-Тоо” аквапаркында өспүрүм бала сууга чөгүп кеткени боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн. Алдын ала маалыматка караганда, №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелер менен бирге окуучулар үчүн эс алуу уюштурган. Эс алуу учурунда 3-класстын окуучусу сууга чөгүп кеткен.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий