• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

"Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы аллеяны китеп сатуучу жайга айландыруу сунушталды

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев Бишкек шаарынын чок ортосундагы "Ала-Тоо" кинотеатрынын жаныдагы аллеяны кыргыз китептерин сата турган жайга айлантууну шаар бийлигинен сунуштады.

""Ала-Тоо" кинотеатрынын күн чыгыш тарабындагы аллеяны кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантса эмнеге болбосун? Азыр борбор шаардын чок ортосунда кыргыз китептерин саткан бир дагы дүкөн жок", – деп белгилеген Шайлообек Дүйшеев борбор калаанын мэри Азиз Суракматовго жана аппарат башчысы Балбак Түлөбаевге жазган кайрылуусунда.

"Эгер Сиздер, "Ала-Тоо" кинотеатрынын ушул жерин кыргыз китептерин сатуучулардын жайына айлантууга чечим чыгарып берсеңиздер, ушу тапта кыргыз китептерин асфальтка коюп алып, көрүнгөн жерде сатып жүргөн китеп саткычтардын да, кыргыз жазуучуларынын да сообуна калат элеңиздер", – деп белгиледи Дүйшеев.

Анын пикиринде, барар-бара бул жай китеп сатуучу эле жай эмес, кыргыз китептеринин тушоо кесчү, кыргыз акын-жазуучуларынын окурмандар менен жолугушуп турчу маданий жайына да айланат эле.

"Адабият кызматкерлеринин сообуна эле калып тим болбой, алардын алкышын алып, жакшы ишиңер менен тарыхта да калат элеңиздер. Ойлонуп көргүлөчү?", – деп кошумчалады Дүйшеев.

Пикир

Оставить комментарий