• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги Арча-Бешик-2 конушунда жаңы мектеп курулууда

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик-2 конушунда 500 окуучуга эсептелген жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттар багыты боюнча каржыланат.

Долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга бардык зарыл шарттары каралган окуу корпусу, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик класс, эмгек классы, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Билим берүү имаратынын тендердик баасы 1 млн 230 миң 986 АКШ долларын түзгөн, анын ичинен Сауд Өнүктүрүү фондунун 492 миң 394 долларын каржылады.

"Учурда курулуш иштеринин даярдыгы 50%ды түзүп, подряддык уюм тарабынан кирпич тургузуу, армирлөө жана монолиттик колонна бетондоосу 100%га аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы тапта ички жана тышкы шыбактоо жумуштары, ошондой эле желдетүүчү системаны орнотуу жана башка иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерин бүткѳрүү 2022-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий