• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин Архитекторлор көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-ноябрынан 16-ноябрына чейин Бишкектин Архитекторлор менен Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишиндеги (Ак босого конушунда) унаа жолу жабылат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жол тилкесинде реконструкция иштери жүргүзүлөт.

Киргизская жана Чүй 14 көчөлөрү автоунаалар үчүн альтернативдүү көчөлөр болуп саналат.

“Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасынын алкагында, Ак-Босого конушундагы Архитекторлор көчөсүнүн Киргизская көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки узундугу 2 чакырым болгон бөлүгүн реконструкциялоо каралган. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабында 1,5 метр узундуктагы тротуарлар болот. Мындан тышкары, Кичи Чүй каналы аркылуу көпүрө куруу да каралууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий