• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги арстандын баласын таап, “Бугу-Эне” фондуна өткөрүп беришти

Коом 0

Бишкек, 02.11.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Мамэкотехинспекция укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте арстандын баласынын ээсин таабышкан.

Мамэкотехинспекциядан кабарлашкандай, жапайы жаныбардын кожоюну Ысык-Көл облусунун А.К., аттуу тургуну болуп чыккан. Ал кызыл китепке киргизилген жаныбарды үйүндө мыйзамсыз түрдө кармап келген. Жеринде инспекторлор тарабынан тиешелүү докмуенттер чогултулуп, протокол түзүлгөн.

Ал эми арстандын баласын “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүп беришкен.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурда интернетте Бишкектин көчөлөрүндө арстандын баласы жүргөн маалымат интернет түйүндөрүндө тарап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий