• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Аскердик институтта кароолдо турган жоокер каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдууу күчтөрүнүн Аскердик институтунда окуу процессин камсыздоо батальонунун аскер кызматчысы каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-августта болжол менен 22:10до катталган.

"Катардагы аскер кызматкери 2003-жылы туулган С.С.Ч. Каракол шаардык бириктирилген аскер аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Ал кароол кызматында туруп өзүнө ок аткан. Алган жаратынан жеринде каза болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтен кошумчалашкандай, кызматтык иликтөө дайындалды. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган факт боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий