• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бишкектеги Ата-Түрк паркы жана Жаштар аллеясы оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ата-Түрк сейил багындагы 18 отургуч жана 22 таштанды челеги сырдалып, 26 отургуч оңдолду.

Ошондой эле Жаштар аллеясында отургучтар, таштанды челектери сырдалууда. Жалпсынан 35 отургуч, 10 чатырча (беседка), 52 таштанды челегин сырдоо пландалууда. Фонтандын айланасындагы гранит плиталары да жарым-жартылай алмаштырылат.

Пикир

Оставить комментарий