• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги Ататүрк паркында үй-бүлө күнүнө арналган фестиваль өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.09.17 /Айсулу Кабылбекова - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Ататүрк атындагы паркта Дүйнөлүк үй-бүлө күнүнө карата фестиваль өтүп жатат. Аталган иш чараны “Куликовский” кондитердик үйү 26-туулган күнүнө карата өткөрүүдө.

Фестивалдын алкагында Юлия Руцкая, Баястан, Каныкей, Замира Молдошева жана башка жылдыздар балмуздак сатып көмөктөшүүдө. Компаниянын маркетинг боюнча директору Олеся Кущенкованын айтымында, мындан түшкөн каражаттар “Помогать лекго” кайрымдуулук фондуна жөнөтүлөт.

Фестивалда үй-бүлө менен эс алуу үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Программа кызыктуу болуш үчүн парктын аймагы бир нече зоналарга бөлүнгөн. Алардын бири спорттук зона, мында йога, футбол сыяктуу түрлөр менен алектенсе болот. Конокторго арналып жарманке зонасы да ачылган, анда керектүү кийим-кече, бут кийим алса болот. Ал эми “Food” бөлүгүндө шаардын кафе-ресторандары өзүнүн тамак-аштарын сунуштоодо. Бул жерде табитиң тарткан нерсени сатып алып, эс алуу зонасында жеп алсаңыз болот. Ал жакта отурганга ыңгайлуу болуш үчүн жаздыкчалар, скамейкалар коюлган.

Ошондой эле эң чоң зона балдарга арналган. Кичинекейлер батуддарда секирип, сүрөт тартып, оюндарды ойной алышат. Мындан тышкары мастер класстарды “Лакторий” бөлүгүнөн, ал эми сүрөт жана колдон жасалган буюмдарды өнөр зонасынан көрө аласыздар.

Фестиваль кечки саат 21:00 чейин уланып, жабылуу аземи эстрада жылдыздары катышкан концерттик программа менен коштолот.

Пикир

Оставить комментарий