• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги атышуу: Чырдын себеби айтылды. Эки шектүү кармалды (фото/видео)

Коом 0


Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Кечээ, 9-декабрь күнү Бишкекте болуп өткөн ок атышуунун чоо-жайы аныкталып, оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) билдиришти.

ИИмдин маалыматы боюнча, кечээ, 9-декабрь күнү болжол менен саат 19:35те Гагарин менен Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде кара түстөгү унаада бара жаткан белгисиз бирөөлөр "Тойота-Авенсис" унаасына бир нече ок чыгарып, окуя болгон жерден качып кетишкен. "Тойота-Авенсис" унаасында үч адам болгон. Алар, белгисиз унааны кууп, жыйынтыгында жол кырсыгына кабылган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 39чу жана 130-беренелери боюнча каттоого алынган.

Кылмыш болгон жерди кароо учурунда "Макаров" (алдын ала маалымат боюнча) тапанчасынын алты даана гильзасы табылып, алынган.

Андан тышкары, унаа да текшерилип, жабыркагандардын буюмдары алынган.

Жаракат алгандар Бишкектеги 4-шаардык ооруканасына жеткирилген.

ИИМден белгилешкендей, окуя болгон жердеги "Коопсуз шаар" камераларынан тартылып алынган тасмалар алынып, бул кылмышты ачууга жардам берген.

Андан кийин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери бул ишке шектүү катары Т. уулу И. жана М.Н. аттуу 24 жаштагы эки жаранды кармашкан. Алардан номерлери өчүрүлгөн "Макаров" тапанчасы алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында белгилүү болгондой, жабыркагандар менен кармалгандардын ортосунда 1,5 жыл аралыгында кастык мамиле болуп келген. Кармалгандар менен жабыркагандар баары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургундары болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Эскерте кетсек, кечээ күнү Бишкекте кечке маал ок атышуу болуп, жыйынтыгында 3 адам 4-шаардык ооруканага жеткирилген. Экөө травматология бөлүмүнө, бирөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий