• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Азия жана Океания чемпионатына 30 өлкөнүн спортчулары катышат

Спорт 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Бишкекте өтө турчу дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына 30 өлкөнүн спортчулары катышат. Бул тууралуу КР Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 6-9-апрелде Бишкектеги “Газпром” ден соолукту чыңдоо борборунда өткөрүлөт.

Дзюдо боюнча чемпионатка Австралия, Бахрейн, Фиджи, Гуам, Индия, Иран, Япония, Иордания, Казакстан, Кирибати, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Монголия, Непал, Жаңы Зеландия, Пакистан, Кытай, ошондой эле Кытайдын Тайбэй жана Гонконг району, Филиппин, Катар, Түштүк Корея, Сауд Аравия, Сирия, Тажикстан, Тайланд, Тонга, Түркмөнстан, БАЭ, Өзбекстан жана Йемен өлкөлөрүнөн спортчулар катышат.

Пикир

Оставить комментарий