• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги бала бакчадан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дастан" бала бакчасында чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт боюнча такталган маалыматка ылайык, Жумабеков көчөсү, №228 дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанындагы кошумча курулуштан өрт чыгып, Фрунзе көчөсү, №585 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу "Дастан" бала бакчасынын чатырына өтүп кеткен.

Өрт саат 13:42де чектөгөө алынып, 14:43тө толук өчүрүлдү. Өрттөнгөн аянт болжол менен 200 чарчы метрди үзөт.

Пикир

Оставить комментарий