• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Бишкектеги бала бакчалар 20-сентябрдан тарта иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-сентябрынан тарта бала бакчалардын иши кичи топторго бөлүнбөй кайра жанданат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечимди 14-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.

Буга "Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишин жандандыруу жөнүндө" КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2021 -жылдын 26-мартындагы №327/1 жана КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын 26-мартындагы №321 биргелешкен буйругу, Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун каты негиз болгон.

Бишкек шаарынын райондорунун башчыларына жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгына мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жана Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарын тамак-аш менен камсыздоо боюнча тийиштүү иштерди белгиленген талаптарга жана нормаларга ылайык жүргүзүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий