• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги бала бакчалар текшерилип, алтоосуна төмөн баа берилди – мэрия

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Бир айдын ичинде мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери бала бакчаларды "Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарды кароо" мамлекеттик стандартына шайкештигин текшеришти.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, текшерүү төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш кагаздарын жүргүзүү, топторду толуктоо, коррупциянын алдын алуу жана иштеги кемчиликтер.

"Биз 87 бала бакчанын ичинен 54үндө текшерүү иштерин жүргүздүк. Биринчи май районунда - 9, Свердлов районунда - 14, Ленин районунда - 10 жана Октябрь районунда - 21 бала бакча каралды. Бала бакчалардын бардык жетекчилерине педагогикалык жамааттын ишин жакшыртуу тапшырылды. Мугалимдер ар бир баланын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен онлайн режиминде балдар менен сапаттуу ишти уюштурушу керек", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги 54 бала бакчанын ичинен жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү 7, орто деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү 30, начар деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү 11, төмөн деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү 6 бала бакча көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий