• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги бала бакчалардын биринен жылан табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бишкектеги бала бакчалардын биринен жылан табылды, - деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 30-майда саат 18:25тер чамасында Политехнический көчөсүндө жайгашкан №79 балдар бакчасынын оюн аянтчасында жылан жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жыланды кармап, эл жок жерге алып барып ташташкан.

Пикир

Оставить комментарий