• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги балдар искусство мектептери кадимки тартипте иштеп баштады

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 28-августундагы №277 маданият жана искусство чөйрөсүндөгү балдардын билим берүү мекемелеринин 2020-2021-окуу жылында иштөөсү жөнүндө буйругуна ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен шаардык искусство мектептери офлайн режиминде иштеп баштады.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте 9 балдар искусство мектеби жана бир балдар көркөм мектеби иштейт. Бул жерлерде балдарга жеке сабак өтүлүп, сабактарда эң көп 2-3 окуучу катышат.

“Бардык имараттар КОВИД-19дан коргонуу каражаттары менен жабдылып, имараттын ичи желдетилип, дезинфекцияланып турат”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Эскерте кетсек, мурда ата-энелер, балдар жана мугалимдер мэрияга мектепте иштөөгө уруксат берүү боюнча кайрылышкан, себеби онлайн окутуулар чыгармачылыкка туура келбей, экран аркылуу окутууларда аспаптардын үнү жакшы угулбай калгандыгын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий