• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги балдар ооруканасында жаңы амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачылды

Ден соолук 0

Бишкек. 27.11.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын балдар ооруканасында заманбап талаптарга жооп берген жаңы “Эшикке-эшик” амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, педиатрия, хирургия, оториноларинголог-ЛОР- кабинетинин кабылдамалары жана диагностика кабинеттери баардыгы бир бөлүмдө жайгашкан. Ошондой эле ал жерде рентген кабинети, тез лаборатория, УЗИ кабинети жана ЭКГ да бар.

“Биз баардык күч аракетибиз менен күтүү кезегин кыскартууга аракет кылып келебиз. Бирок ага карабастан, бейтаптардын агымы азайбай келет. Кошумча дарыгерлер тобу да тартылган: 4 дарыгер педиатр, 2 хирург, 2 ЛОР дарыгер кабыл алат. Балдардан тышкары, күтүү залында алардын ата-энелери толуп кетет. Бир баланы эң аз дегенде үч адам коштоп келет”, - дейт башкы дарыгердин орун басары Гүлнара Жанабилова.

Бишкек шаардык балдар ооруканасына сутка ичинде 500дөн ашык бейтап кайрылат. Күнү-түнү төрт кабылдама иштеп, баардыгы болуп 6 дарыгер кабыл алат: 2 педиатр, ЛОР, хирург жана 2 сыныктар дарыгери.

Акыркы үч жуманын ичинде бейтаптардын көп агымы байкалып келет. Педиатрия кабылдамасына кайрылгандардын гана саны 200дөн ашкан. Алардын ичинен 85%ы өздөрү келгендер,10ы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан жибергендер жана 5%ы тез жардам аркылуу келгендер.

Андан тышкары, кайрылган 200дүн ичинен стационарга 8-10ну жайгаштырылат, инфекция бөлүмүнө 7-9 бейтап, калган 180 бала амбулаторно дарыланат. Алардын ичинен 5 жашка чейинки балдар 75%ды түзөт. Кайрылгандардын 160ы вирустук инфекция менен кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий