• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ордуна гүл бакча салынат

Коом 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Бишкектин ортосундагы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна эс алуу сейил бак зонасы курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Куруу иштеринин планы жакында иштелип чыгат. Андан соң иш жүзүнө ашыруу башталат.

“Мэрибиз Суракматов Азиз Эмилбекович ага берилген мыйзамдык укуктарга таянып, күйүп кеткен мурунку Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна гүл бакча салууга буйрук берди. Долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Жакында тазалоо иштери башталат”, - деп жазган мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев фейсбуктагы баракчасына.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2054853671225308&set=a.345032728874086&type=3&theater

Белгилүү болгондой, гүл бакчанын долбоору сынак аркылуу тандалып алынат. Жаңы объектини куруу 2019-жылдын аягына пландалууда.

Эске салсак, Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий