• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги башкы стадиондун абалын оңдоп-түзөө боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов 9-ноябрда Бишкектеги “Спорттук курулуштарды башкаруу жана колдоо” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнөн кабар алды.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, борбор калаабыздын түштүк-чыгышында курулуучу Спорт шаарчасынын жер тилкесинде, ошондой эле массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча “Жаштык” дирекциясынын бүгүнкү күндөгү абалы, аткарылып жаткан иштери жана курч турган маселелерин чечүү жолдорун министр тийиштүү жетекчилер менен жеринен талкууга алды.

Д.Өмүрзаков атындагы спорт сарайынын негизги жана кичи аренасынын абалын оңдоп-түзөө, толук кандуу машыгууга шарттарды жакшыртууну тездетүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Андан соң, Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын жер алдындагы кабатынан тарта, жылуулук берүүчү жана өрт өчүрүүчү системасы, колдонуудан чыккан, капиталдык оңдоого муктаж болгон олимпиадалык стандарттагы бассейндин келечеги, имараттын чатыры жана машыгуучу залдардын абалы приоритеттүү планга киргизилди.

Борбор шаарыбыздын түштүк-чыгыш тарабында курууга пландалып жаткан спорт шаарчасынын долбоору менен таанышып, мындай долбоордун ишке ашуусу өлкө тарыхында спорт жаатындагы жаңы ийгиликтердин башаты болорун баса белгиледи.

Ошондой эле массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча “Жаштык” дирекциясынын аймагына кайрылып, кыз-келиндер үчүн салынуучу машыгуу залынын жер тилкесин карап, имараттын долбоорун тийиштүү адистер менен талкуулады.

Эске салсак, машыгуу залына жалпы аянты 800 чарчы метрди түзгөн жер бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий