• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги батирлер 3-4 күндүн ичинде жылып калат – Сыдыков

Коом 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Бишкектеги батирлерге жана ишканаларга 3-4 күндүн ичинде жылуулук берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБи кечээ эртең менен от казандардын жылыта баштаган.

“Түтүктөр аркылуу ыссык суу толук кандуу кетиши үчүн 3-4 күн керек болот. Ал эми башка от казандар боюнча жергиликтүү бийликтердин буйругун күтүп жатабыз”, - деп билдирди ал.

Төраганын кеңешчиси билдиргендей, “Улуттук энерго холдинг” ишканасы ички керектөө үчүн керектүү көлөмдө электр энергиясы менен камсыз кылды. Андан тышкары, Өзбекстанга электр энергиясын экспортоону камсыз кылган. “Аталган келишим боюнча экспорт 2,4 центтен болууда. Экинчи келишим боюнча 2 центтен. Жалпысынан Өзбекстанга болгон экспорттун көлөмү саатына 754 млн. кВ болду”, - деп билдирди Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий