• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү №48 үйдүн батиринен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Куткаруучулар 15-октябрда саат 19:50дө шаардагы батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышканда, 77 жаштагы аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий