• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги базарларда, коомдук тамактануу жайларында дезинфекция иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Санитардык дарыгерлер "Ош" базарында эт, сүт жана башка өндүрүмдөрдү саткан жерлерде дезинфекция кылышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, дезинфекция эт саткан "Акиф" павильонунда, "Алыбаев" ЖИ аймагында, "Кадам" павильонунда, "Аламедин" базарында жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын аймагындагы №5 мончодо кылынган.

Ошондой эле муниципалдык жана жеке унааларда дезинфекция иштери жүргүзүлгөнү текшерилүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 2-мартта "Дордой транс" ЖЧК жана "Совет бригада" ЖЧКсынын карамагындагы унааларда дезинфекция иштерин жүргүзгөн.

2020-жылдын март айынан баштап "Фрунзе" гипермаркетинде; "Сере" кафесине; "Буфет" ашканасында; "Лагман" кафесинде; "Наруто" суши-роллыда; "Бир Эки" тез татымында; "KFC"; "Уста" кафесинде; "Ыр Кесе" кафесинде; "Уголек" кафесинде; "Нико" кафесинде; "Золден Паб" кафесинде; "Баку шашлычная" кафесинде; "Red Cow" кафесинде; "Марио" ресторанында; "Мейшичен" кафесинде; "Фрунзе" кафесинде курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция (КРВИ), сасык тумоо жана коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору коронавирус, КРВИ жана сасык тумоо боюнча түшүндүрүү иштерин "Айчүрөк", "Авторская школа", "Рефал" жеке мектептерге жана №71 орто мектептердин окуучуларына өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий