• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги бир нече мектеп жана бала бакчалар газга өтөт. Мэрия тендер жарыялады

Коом 0

Бишке, 13.04.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү жана капиталдык курулуш башкармалыгынын “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы көмүр менен жылыган жалпы билим берүү мекемелерин газга өткөрүү боюнча долбоордук-издөө иштерине сынак жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, сынак борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча компекстүү чаралардын алкагында жарыяланды.

Ошентип, төмөнкү билим берүү мекемелерин газга өткөрүү пландалууда:

-№12 бала бакчаны;

-№23 мектепти;

-№35 мектепти;

-№15 мектепти;

-№54 мектепти;

-№59 мектепти;

-№32 мектепти;

-Майып балдарды реабилитациялоо борборун.

“Иштин баштапкы баасы – 6 млн 198 миң 875 сом. Каражат шаардык бюджеттен каралат”,-деп айтылат маалыматта.

Сынак боюнча толук маалымат бүгүн мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланат: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий