• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектеги борбордук мечитте оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын борбордук мечитинде оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрь күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.

Анын айтымында, учурда мечиттин ички тарабы толугу менен кайрадан жаңыланууда. Аны калыбына келтирүү иштери ноябрь айынын орто чендерине пландалган.

«Борбордук мечиттин ички тарабы толугу менен жаңыланып жатат. Себеби эскилиги жеткендиктен капиталдык ремонтко муктаж болуп калган эле. Буюрса акырындык менен бардык тарабын оңдоп чыгабыз», - деди Замир кары Ракиев .

Эскерте кетсек, мечитти оңдоп-түзөө иштери жеке демөөрчүлөрдүн эсебинен ушул жылдын сентябрь айында башталган.

Пикир

Оставить комментарий