• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги борбордук мечитти иштетүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. 12-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Диянет иштери боюнча башкармалыгынын башчысы доктор Али Эрбаш менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, биргеликте иш алып баруу, тажрыйба алмашуу жана дин башкармалыктар арасындагы байланышты бекемдеп, эки өлкөнүн достугун чыңдоо жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында доктор Али Эрбаш Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин иш сапары маанилүү болгондугун белгилеп, эки өлкөнүн диний кызматташуусу, диний билим берүү жана маданий иш-чаралар жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү, жаштарга туура диний билим берүүдө Түркия мамлекетинин Диянет иштери боюнча башкармалыгы даяр экендигин белгиледи.

Ал эми Максатбек ажы Токтомушев Али Эрбашка кыргыз элинин саламын жолдоп, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди. Эки тараптуу жолугушуудан кийин тараптар кол коюу аземине келишип, келишим эки тараптуу иштин алдыга жылуусуна өбөлгө боло тургандыгын билдиришти.

"Келишимге кол коюлушу менен эки диний башкармалык биздин балдарга, жаштарга, биздин элибизге туура диний баалуулуктарды жеткирет деп терең ишенем", - деди доктор Али Эрбаш.

Андан соң эки тарап келишимге кол коюшуп, бул күндүн тарыхта өзгөчө орду болорун жана эки тараптуу кызматташуунун мындан дагы жакшырышына өбөлө болуп, эки бир тууган элдин достугун бекемдейт деп кол алышты.

Пикир

Оставить комментарий