• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектеги Ботаникалык бак калыбына келтирилет

Өкмөт 0

Бишкек, 26.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарындагы Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагын калыбына келтирүү жана мындан ары өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, бир жыл ичинде анын жеке көзөмөлү астында Ботаникалык бакты калыбына келтирүү долбоору жыйынтыкталып, өрт жана санитардык коопсуздук иши, сугат тутуму ирээтке келтирилип, бактын аймагы бекитилип, анын инфраструктурасын жакшыртуу жана илимий мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында эл аралык байланыштар жайгарылышы тийиш.

«Акыркы жылдары биз бактын көйгөйүнө көңүл буруп келе жатабыз, бул жаатта мамлекеттик органдар аны натыйжалуу чечүүсү боюнча тийиштүү сунуштарды кийрүүсү боюнча тапшырмалар берилген. Бирок буга карабастан, Ботаникалык бактын абалы начар бойдон калууда. Биз аны өнүктүрүнүн негиздерин түзүү үчүн жооптуу чечимдерди кабыл алуубуз зарыл. Ботаникалык бак жалпыбызга керек, ошондуктан биргелешкен күч-аракет менен аны кайрадан калыбына келтирип, шаардыктар жана шаар меймандары үчүн эс алуучу жагымдуу жайга айландыруубуз керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Талкуунун жүрүшүндө эколог Эмил Шүкүров кошумчалагандай, акыркы кездери Ботаникалык бактын абалы начарлап кеткен, негизинен буга бир катар көйгөйлөрдүн чечилбей калуусу себеп болгон.

«Биздин Ботаникалык бак – бул аймагы жана өсүмдүктөрдүн түрү боюнча Борбор Азиядагы ири ботаникалык бактардын бири. Учурда Ботаникалык бак Борбор Азиядагы гана эмес, дүйнөдөгү тоо өсүмдүктөрүн ыңгайлаштыруу боюнча алдыңкы бактардын бирине айланышы ыктымал. Бактын аймагы сакталган, эми бизден колдогу мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу талап кылынат. Ошол эле учурда бизде адамдык ресурстар бар – алар жогорку билимдүү жана аталган аймакты өнүктүрүү ишине өз салымын кошууга даяр Ботаникалык бактын илимий кызматкерлери», – деди эколог.

Мындан тышкары, Эмил Шүкүровдун пикиринде, эгерде Ботаникалык бак өлкөнүн Өкмөтүнүн карамагына өтсө, ал экономикалык жана илимий пландан алганда утушка ээ болот.

«АрчА» Демилгеси» Коомдук фондунун өкүлү Дмитрий Ветошкиндин айтымында, көптөгөн мамлекеттерде ботаникалык бактар кыйроо мезгилине дуушар болгон, бирок Кыргызстандагы ботаникалык бак өз аймагын сактап кала алды, муну менен сыймыктанса болот. Мындан тышкары, акыркы 2 жылда биргелешкен күч-аракет менен Ботаникалык бакты өнүктүрүү боюнча бир топ иштер аткарылган.

Андан соң Премьер-министр Сапар Исаков Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бакты реконструкциялоо планына кеңири токтолду, ага ылайык, бакта жөө чуркоочу жана велосипед жолдору каралган эл аралык стандарттарга жооп бергендей кылып, аймакты толук бойдон инфраструктуралык жактан жаңылоо күтүлүүдө.

Андан кийин бакты калыбына келтирүү боюнча биринчи иреттеги чаралар талкууланды. Алар: куурап калган дарактардын маселесин чечүү, тамчылатып сугаруу системасын жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу. Алдын ала иштелип чыккан план архитектор Юрий Смирнов тарабынан көрсөтүлгөн.

Маалыматты угуп, Өкмөт башчы Сапар Исаков Ботаникалык бактын абалын жакшыртуу боюнча суроонун көп жылдарга созулушуна чечкиндүү каршы экенин белгиледи.

«Биз бул ишти бир жылда бүтүрүшүбүз керек. Буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар экологдор жана башка кызыкчылыгын артып жаткан тараптар менен бирдикте бир жуманын ичинде ар бир маморгандын кайсыл бир чараны ишке ашыруудагы иши жана чыгымдары деталдуу түрдө жазылган Иш чаралар планын иштеп чыгуу керек. Аталган тапшырма вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевдин көзөмөлүндө болот», – деп билдирди Сапар Исаков.

Аны менен катар Премьер-министр Бишкек шаарынын мэриясына ыкчам түрдө Ботаникалык бактын тегерек четин санитардык коопсуздукту бузган киоск жана павильондордон тазалап чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле Премьер-министр бакты өнүктүрүү жана ресурстарды тартуу боюнча талкулоо үчүн жакынкы арада өнөктөштөр менен жолугушу болот деп белгиледи.

«Ботаникалык бак биздин борбор калабыз Бишкектин – өзгөчөлүгү болуп саналат. Андыктан биз анын инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жакшыртып, бул бакты шаардыктар үй-бүлөлөрү менен эс ала тургандай сүйүктүү аймакка айландырышыбыз керек. Бакты Борбор Азиядагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ири илимий борбор катары илгерилетүү керек. Бул долбоор менин жеке өзүмдүн көзөмөлүмдө болот», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий