• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Ботаникалык бакчада “Жайкы чуркоо” уюштурулат

Ден соолук 0

Бишкек, 7-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги Гареев атындагы шаардык Ботаникалык бакчада 8-июлда саат 10:00 бардык каалоочулар үчүн “Жайкы чуркоо” башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган иш чаранын максаты шаар тургундарын дени сак жашоо образына үндөө жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү болуп саналат.

Чуркоо 3, 6 ,9, 12, 15 жана 21 км аралыгында болот.

“Марага жеткен бардык катышуучуларга медаль жана дипломдор тапшырылат. Ошондой эле, тамактануу, музыка жана майрамдык маанай уюштурулат”,- деп ишендирет уюштуруучулар.

Пикир

Оставить комментарий