• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги Чүй-Манас проспектисиндеги өтмөк оңдоо иштеринен кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 12.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бишкектеги Чүй-Манас проспектисиндеги өтмөк капиталдык оңдоп-түзөө иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 11-сентябрда калаа башчы Албек Ибраимовдун жана шаар тургундарынын катышуусунда өтмөктүк ачылышы болду.

Аталган өтмөк 1978-жылы курулган.

Мэр Албек Ибраимовдун айтымына караганда, өтмөктү оңдоо иштери 2017-жылдын май айынын аягында башталган.

“Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери аягына чыкты. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында мүмүнчүлүгү чектелгендер үчүн атайын пандус куруу иштери башталат”,-деди калаа башчы.

Пикир

Оставить комментарий