• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги чоң базарларда өрт өчүрүүчү унаалар үчүн өтмөктөр бошотулат

Коом 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Бишкектеги ири базарларда өрт өчүрүүчү унаалар үчүн өтмөктөрдү бошотуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу билдирди.

Анын айтымында, ушуга чейин Ош, Орто-Сай, Дордой базарларында өрт өчүрүүчү унаалардын өтүшүнө тоскоолдук жараткан мыйзамсыз орнотулган 43 киоск жана жаймалар алынды.

“Буга чейин кеңдиги 1 жарым метр болгон өтмөктөрдү биз 6-8 метрге чейин кеңейттик. Бул базардын ички точкаларына өрт өчүрүүчүлөрдүн эркин жетиши үчүн жасалды”, - деди ал.

А.Сагындык уулу белгилегендей, жогорудагы иштер жасалардан мурда жердин статусун, курулуштун мыйзамдуулугунун статусун, ээсин аныктоо сыяктуу комплекстүү иштер жүргүзүлөт. Материалдар толук жыйналып бүткөндө гана тиешелүү чечим чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий