• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектеги Чокморов көчөсүндө оңдоо иштери калыбына келтирилди - мэрия

Коом 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Бишкектин Чокморов көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Свердлов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери калыбына келтирилди. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган объектиде «ЧуПрокси» подрядчы курулуш компаниясы иштеп жатат.

“Бул жерде тротуарлары менен жаңы асфальт төшөлөт. Иштер компаниянын директору М.Ж.Исраиловдун пневмониядан көз жумгандыгына байланыштуу убактылуу токтотулган”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы Исраиловдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

“Биз сиздерден иштерди кичине кечиктирип жатканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Тилекке каршы, подрядчылар дагы ооруп калып жатышат жана алар сакаяры менен оңдоо иштерине киришишет. Башталган иш аягына чыгарылат”, - деп кайрылган шаардык бийлик.

Эскерте кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан жалпы узундугу 5435,5 погондук метрди түзгөн 13 көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий