• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги эки стационарда дезинфекциялоочу тоннелдер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. “Маткасымов” компаниясы Бишкек шаардык кеңештин депутаты Аскарбек Күрүчбековдун көмөгү менен күндүзгү стационарларга атайын дезинфекциялоочу тоннелдерди белек кылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дезинфекциялоочу тоннелдер Ленин районундагы (“Газпром” комплекси) жана Биринчи май районундагы (Спорт ордосу) стационарларда орнотулган. Калган эки райондогу стационарларда дезинфекциялоочу тоннелдер кийинчерээк орнотулат.

“Жардам жана колдоолор ар тараптан келүүдө. Бизнесмендер стационарлардагы шарттарды жакшыртууга жардам берүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий