• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкектеги “ЭкоИсламик банкын” тоноогонго шектүү адамдар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Бишкекте “ЭкоИсламик банкты” тоноо иш боюнча шектүүлөр аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумагазиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусу боюнча, ыкчам-тергөө топ түзүлүп, шектүүлөр аныкталды. Джумагазиев толук маалымат кийин бериле тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 26-ноябрь күнү белгисиз эки адам банктын бөлүмүнө кирип келип, күзөтчүлөрдүн бирине күч колдонуу менен каражаттарды алып, качып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий