• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Эмен сейил багында заманбап тышкы жарыктар орнотулду

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын адистери Эмен сейил багында заманбап тышкы чырактарды орнотту.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жер астындагы ыкма менен жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө ПВХ түтүгүнө 80 сантиметр тереңдикте 650 метр кабель чубалгылары салынган. Эки катмар боёк менен боёлгон 17 жаңы жарык берүүчү түркүк жана бетон негиздери орнотулду.

"Учурда сейил бакта 73 сырткы жарык түркүктөрүн тазалоо жана сырдоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Ата-Түрк", Таттубүбү Турсунбава атындагы сейил бактарында дагы жаңы курулуш жана жарыктандырууну реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий