• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштөөдө - вице-премьер

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштөөдө. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жабык деген маалымат чындыкка дал келбейт.

"Соцтармактарда жана ЖМКларда аталган борбор жабык турат деген маалыматты алып жатабыз. Белгилеп кетким келет, коронавирус инфекциясы тарагандан баштап Эне жана баланы коргоо улуттук борбору күнү-түнү иштеп, балдарды жана кош бойлуу айымдарды кабыл алып жатат", - дейт ал.

Исмаилова кошумчалагандай, оорукана күнүнө орточо 120-150 баланы жана 15-20 кош бойлууларжы кабыл алып жатат.

"Жарандардын баары санитардык талаптарды сактоо менен кабыл алынууда. Кире бериште санитардык бекет уюшулган. Анда атайын анкета жана башка талаптар аткарылат. Күмөн жараткан бейтаптар обочолонгон палатага жаткырылып, өзүнчө кызматкер бөлүнөт. Ал кызматкерлер да анализ тапшырган, баарынын жыйынтыгы таза чыккан", - дейт ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, коронавирус жуктурган 4 эне, 2 бала жана 2 медкызматкер тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Ал эми алар менен байланышта болгон 19 медкызматкер обсервацияга алынган.

Пикир

Оставить комментарий