• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги эпидкырдаал: Өткөн суткада COVID-19дун 120 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкекте бир суткада COVID-19дун 120 жаңы учуру катталды, анын ичинен 80и лабораториялык, 40ы клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталып, 2 бейтап каза болду. Бул тууралуу брифингде шаардын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, 120нын ичинен 88и шаардыктар, 32си башка жактан келгендер. Райондорго бөлгөндө:

- Ленин району – 32 учур;

- Биринчи май рйону – 19;

- Октябрь району – 12 учур;

- Свердлов району – 25 учур.

“Жаңы учурлардын 102 синде COVID-19 симптомдуу аныкталса, 18и симптомсуз аныкталган. 54 жаран ооруканага жаткырылган, 66 бейтап амбулатордук дарыланып жатат”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий