• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда бейтап каза болду, - деп билдирет Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин дарегине апротинин препаратын капельница жолу менен тамчылатуунун фонунда өлүмгө алып келген олуттуу терс реакция тууралуу билдирүү түшкөн.

53 жаштагы С.А. аттуу бейтап 6-февралда №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна ичи ооруп, диарея болуп жаткандыгын айтып кайрылган. Дарыгер ага өнөкөт панкреатит курч стадиясында, өнөкөт гастрит деген диагноз коюп, андан кийин парентералдык дары ыкмасы дайындалган.

Бейтап дарыдан кийин дароо өзүн жаман сезип, препаратты берүү ыкчам түрдө токтотулуп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам бригадасы чакыртылган, бирок натыйжа болгон эмес, саат 11:15те биологиялык өлүм катталган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө, анын жыйынтыгында бейтаптын өлүмүнүн себеби аныкталат.

Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин адистери билдиргендей, аталган препарат Кыргызстанда катталган, сериясы - сапаттык баа берүүдөн өткөн.

Пикир

Оставить комментарий