• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги үй-бүлөлүк медборборлор 131 мектеп жана 107 бала бакчаны тейлейт

Ден соолук 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлору 131 жалпы билим берүү мекемени жана 107 мектепке чейинки билим берүү мекемесин тейлейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 131 мектептин 97си муниципалдык, 34ү жеке менчик. Ошондой эле 107 бала бакчанын 87си – муниципалдык, 20сы жеке менчик.

“Белгилей кетсек, азыркы учурда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу муниципалдык бала бакчалар иштебей турат. Бишкек шаардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунун медицина кызматкерлери 20 жеке менчик бала бакчалардагы балдарды көзөмөлдөп атышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан 20 жеке менчик балдар бакчаларындагы 1 миң 858 мектеп жашына чейинки курактагы балдар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Пикир

Оставить комментарий