• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Бишкектеги «Идеал Хаус» vip-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк» аттуу журналисттик материалга тийиштүү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын Премьер-министри Сапар Исаковдун Фергана.ру веб-сайтынын басылмасында жарыяланган «Бишкектеги «Идеал Хаус» vip-шаарчасынын сатылышы боюнча чырлуу бүтүмдүн артында ким турат? II бөлүк» журналисттик материалында айтылган фактылар боюнча кайрылуусунун негизиндеги текшерүүсүнүн жыйынтыгында өлкө премьер-министринин, анын туугандарынын, же аны менен аффилиацияланган жакын чөйрөсүнүн обьектти менчиктештирүүгө жана «БТА Банк» ЖАК акцияларынын кошумча эмиссияларын жүргүзүүгө тийиштиги боюнча далил таппагандыгын маалымдайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымдалат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, буга катар Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун демилгесине жана кайрылуусуна ылайык, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун кызматтык жактарынын жогорудагы көрсөтүлгөн мүлктүк комплексти менчиктештирүүнүн баштапкы баасынын мыйзамдуулугу жана анын бекитилишине байланыштуу аракеттерине юридикалык баа берилген.

Башкы прокуратура менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аны иликтөө максатында иликтөө органдарына жөнөтүлгөн.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчилигинин жана башка кызматтык адамдарынын «Идеал Хаусту» мнечиктештирүүдө күнөөлүү, же күнөөлүү эместиги иликтөө жыйынтыгы боюнча аныкталат.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнүн, ошондой эле КР МУКК ыкчам-иликтөө иш-чараларынын материалдардында Эльнура Алканова тарабынан жарыяланган ар-бир жүйө боюнча тыкыр маалымат берилет. Бардык маалымат жалпыга жеткиликтүү жана өлкөнүн ЖМКларында жарыяланган.

Журналисттик материалдагы келтирилген жүйөлөр чындыкка дал келбегендигине байланыштуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү Фергана.ру басылмасы жана анын кабарчысы Элнура Алканова тараптан КР Премьер-министри Сапар Исаковдун жана анын чөйрөсүнүн аталган бүтүмгө тийиштиги бар экендиги туралуу маалыматтын төгүнгө чыгарылышын жана коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий